Путин менен Си Цзиньпин АКШнын багытын кабыл албоо боюнча пикирин билдиришти

АКШнын эки өлкөгө карата саясий жана аскердик басым көрсөтүүсүнө жол берилбей турганы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АКШнын башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүгө багытталган кадамын кабыл албоо боюнча бирдиктүү пикирин билдиришти. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.
Ушаковдун айтымында, президенттер Россия менен Кытайдын БУУ, ШКУ, БРИКС жана башка көптөгөн аянтчаларда кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурушкан.
Си Цзиньпин Россиянын БРИКСтеги быйылкы төрагалыгы астында коюлган маанилүү маселелерди колдой турганын жана бирикменин кеңейтилген курамында Россия менен конструктивдүү кызматташарын белгилеген.

"АКШнын башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү багытын кабыл албоо боюнча бирдиктүү пикир айтылды. АКШнын биздин өлкөлөргө саясий жана аскердик басымы кабыл алынбайт жана жол берилбейт деп белгиленди. Алар ошондой эле АКШ Россия менен Кытайдын өнүгүшүнө бут тоскон саясат жүргүзүп жатканын айтышты", – деди ал.

Жакса да, жакпаса да… Трамп Путин менен Си Цзиньпин тууралуу айтты