Кыргызстанга коронавируска каршы миңдеген доза вакцина келди

Өлкөдө COVID боюнча кырдаал туруктуу болгону менен, эмдөө ооруну алдын алууга жана өрчүп кетүү тобокелдигин азайтууга жардам берери белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстанга коронавируска каршы 20 миңден ашык доза вакцина келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Республикалык иммунопрофилактика борборунун кампасына 20 160 доза вакцина келип түшкөн. Алар өлкө боюнча эмдөө пунктуларына таратылат.

“Өлкөдө COVID боюнча кырдаал туруктуу болгону менен, эмдөө ооруну алдын алууга жана өрчүп кетүү тобокелдигин азайтууга жардам берет”, - деп жазылган маалыматта.

COVAX уюму тарабынан берилген жана ЮНИСЕФтин колдоосу аркылуу жеткирилген вакциналардын жалпы баасы 136 миң долларды түзгөн.
Эмдөө ала турган мекемелердин даректерин www.privivka.kg жана www.med.kg сайттарынан тапса болот.
Радио
Суранбаев: учурда коронавирус мурдагыга салыштырмалуу жеңил өтүүдө