Жыргалаңда лыжа тээп жүргөн франциялык жаран кар көчкү алдында калып көз жумду

Чет элдик кишинин сөөгү үч күндөн кийин табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында тоодо чет элдик жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 53 жаштагы чет өлкөлүк киши 5-февралда тоого лыжа тепкени кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.
"Издөө иштерине ӨКМдин 15 куткаруучусу дрон менен чыгып, бүгүн саат 12:45те анын сөөгүн кар көчкүнүн алдынан табышкан", — деп айтылат маалыматта.
Көз жумган киши Франциянын жараны экени белгилүү болду.
ӨКМ 3 800 бийиктикте калган россиялык альпинистке жардам берди. Видео