Депутат калктуу конуштарда унааны катуураак айдоого уруксат берүүнү сурады

Эл өкүлү ылдамдыктын төмөнкү чегин саатына 40 чакырым ылдамдыктан 60ка, 60тан 80ге көтөрүүнү сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев бийликтен калктуу конуштарда унааны катуураак айдоого уруксат берүүнү сурады.
Ал саатына 40-60 чакырым ылдамдык менен жүрүү өтө аз деп эсептейт.

"Азыр заманбап унааларды, "Жиптерди" айдап жатышпайбы. Алар 60 менен баратса да убагында токтой алат. Азыркы чектөөлөр союз убагындагы "Жигулилерге" ылайыкталган болчу. Ошону кайра карап көрбөйлүбү. Мисалы, Ысык-Көлгө баратканда Кеминде акырын жүрүп кайра тыгын жаратышууда", — деп кайрылды эл өкүлү президенттин ЖКдагы өкүлүнө.

Мураталиев ылдамдыктын төмөнкү чегин саатына 40 чакырым ылдамдыктан 60ка, 60тан 80ге көтөрүүнү сунуштады.
Депутат: бизде рак болгондорду дароо эле "кесебиз" дешет, ары жагы — лотерея