Бөйрөккө акысыз операция боюнча суроолорго жооп берчү дарыгерлердин номерлери

Буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда гемодиализ алып жаткан бейтаптардын бөйрөгүнө операция акысыз жасаларын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги бөйрөккө акысыз операция жасоо боюнча суроолорго жооп бере турган дарыгерлердин телефондорун жарыялады.
Буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда гемодиализ алып жаткан бейтаптардын бөйрөгүнө операция акысыз жасаларын айтып, алар болгону донор табышы керектигин белгилеген. Министрликтин маалыматы боюнча, өлкөдө 2500дөн ашык адам гемодиализ алат.
Бөйрөктү трансплантациялоо боюнча координатор Мээрзат Касымалиева — 0700 844407;
Кыргыз-Түрк ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Мира Исаева — 0772 505652;
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысы Насира Бейшебаева — 0700627716;
Улуттук кардиология жана терапия борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысы Динара Айыпова — 0555 778792;
"Гемодиализ менен ооруган бейтаптар" коомдук бирикмесинин өкүлү Санабар Матамова — 0778134738.
Кыргызстанда алгачкы ирет бөйрөк алмаштыруу боюнча акысыз операция жасалды