Бишкекте окшош аялдамалар салынат. Эскиз

Аялдамалар кышында жылытуу, ысыкта кондиционер системасы менен камсыздалмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Мындан ары Бишкектеги бардык аялдамалар бир типте болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы жаңы аялдамалардын долбоорлорун бекиткен.
1 / 3

Мындан ары Бишкектеги бардык аялдамалар бир типте болот

2 / 3

Билдирмеге караганда, калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы жаңы аялдамалардын долбоорлорун бекиткен

3 / 3

Аялдамалар эки типте, бири 10-12 метрлик, экинчиси андан чоңураак болору кошумчаланды

"Шаар тургундарынын жана коноктордун ыңгайлуулугу үчүн аялдамалар кышында жылытуу, ысыкта кондиционер системасы менен камсыздалмакчы. Ошондой эле аялдамаларда коомдук транспорт каттамдары көрсөтүлгөн стенд болот. Мындан тышкары, ар бир жаран Wi-Fi тармагына туташып, интернет кызматтарын колдоно алышат", — деп жазылат маалыматта.

Аялдамалар эки типте, бири 10-12 метрлик, экинчиси андан чоңураак болору кошумчаланды. Алар негизги көчөлөргө жана проспектилерге коюлат. Бекитилген долбоор боюнча аялдама курууну каалагандар мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине кайрылып, кеңеш ала алат.
Радио
Мамбетмусаева: эстелик коюу боюнча алдыдагы алты жылга долбоор сунушталууда