Баш оору эмнеси менен кооптуу? Неврологдун кеңеши

Дарыгер баш оорунун түрлөрү, шакый, жогорку жана төмөнкү кан басым, инсульттун белгилери тууралуу маалымат берди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Баш оору — көптөгөн оорулардын кенен тараган белгиси. Бул тууралуу невролог Абдусалим Артыкбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде айтып берди.

"Бейтаптардын эң негизги катасы — ооруга кайдыгер мамиле жасоосу. Баш ооруга чыдап отура бербей дароо дарыгерге кайрылуу зарыл. Адиске баруунун алдында ооруну басаңдата турган дары ичпеш керек, себеби дарыгер туура эмес диагноз коюп алышы мүмкүн. Баш ар кандай илдеттерден улам ооруйт, бирок анын себебин дарыгер гана так аныктай алат", — деген невролог.

Адистин айтымында, баш оору психологиялык, инфекциялык илдеттерден жана жаракат алгандан кийин да пайда болот.
"Курч респиратордук вирустук илдетке чалдыкканда баш ооруй турганын баарыбыз эле билебиз. Бул организмдеги сезгенүүгө байланыштуу. Мындан тышкары, узакка созулган катуу стресс, кан тамыр оорулары, гипертония же гипотония дагы себеп болушу мүмкүн. Ал эми баштын заматта кармаган катуу оорусу инсульттан же жарылып кеткен кан тамырдан кабар бериши ыктымал", — деп түшүндүргөн Артыкбаев.
Борбор Азия боюнча рактан каза болгондор Кыргызстанда көп