Бишкек ТЭЦиндеги авария

Депутат: ТЭЦте диверсия эмес, шалаакылык болгон, жетекчилер жооп берсин

Эл өкүлү ири стратегиялык объектиде бир жылда үч жолу директор алмашканын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. "Эч кандай диверсия эмес, бул — шалаакылык". Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Бишкек ТЭЦиндеги аварияга жетекчилер түздөн-түз жооп беришин талап кылды.
Ал жаралган жагдайга саясий баа берүү керек деп эсептейт.

"1960-70-жылдары курулган ТЭЦти иштете албай ушундайга бардык. Бул эч кандай диверсия эмес, бул — шалаакылык, ишти билбестик деп ойлойм. Анткени чоң стратегиялык объектиде бир жылда үч жолу директор алмашкан. Жакшы, кудай сактап түндө жарылды, күндүз болсо эмне болмок эле? Миллиарддан ашык чыгым болгонун айтышууда. Канчалаган эл жабыркады, дүрбөлөң түштү", — деди эл өкүлү.

Кесиптешинин сөзүн Улугбек Ормонов да колдоп, авариянын эмнеден келип чыкканын иликтеген ведомстволор аралык комиссияга ЖК депутаттары кирбей калганына нааразы болду.
Буга чейин ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев Бишкек ТЭЦиндеги жарылууда диверсия болушу мүмкүн деген божомол да каралып жатканын билдирген.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
ТЭЦтеги жарылуунун очогу кайсы жерде жайгашканы айтылды