Долбоорду БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Россия элчилиги биргеликте ишке ашырууда. Саамалык Кыргызстандагы башталгыч класстардын 200 миңден ашуун окуучусун ысык тамак менен камсыздоого шарт түздү.
Элчи Николай Удовиченко долбоор 888 мектепте иштеп жатканын билдирди.
"Жаңы жабдуу менен жабдылган, кесипкөй ашпозчулар иштеген ашканалар пайда болду. Ун жана башка азык-түлүк сатып алууга кошумча каражат бөлүнүп жатат. Балдар да, ата-энелер да бактылуу", — деди Удовиченко.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү жана Кыргызстандагы директору Кожиро Накай мектептерде ашпозчулардын кесипкөйлүгүн жогорулатуучу бир катар иш-чара өткөнүн белгиледи.
"Балдар балансталган ысык тамак ичиши керек, бул абдан маанилүү. Долбоорду ушунча мектепте ишке ашырып жатканыбызга кубанычтамын. Бул — биргелешкен аракеттин натыйжасы", — деди өкүл.
Жалпы жонунан Россия долбоорго 22 миллион доллар бөлгөн, 2027-жылга чейин дагы 15 миллион доллар которулмакчы.
Тема боюнча: