Радио

Министрлик: окуучуларга нарк-насил боюнча улут наркы сабагы кирет

Билим берүү жана илим министрлигинин уюштуруу жана тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Индира Токонова "Улуттук каада-салттарды сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө" улуттук программа тууралуу айтып берди.
Sputnik
5-10-класстын окуучуларына нарк-насил боюнча сабактар өткөрүлөт. Бул тууралуу Индира Токонова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тийиштүү тарбиялык сааттардын программасы түзүлгөн.

"2022-жылдын 30-августунда президенттин "Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү боюнча" №303 жарлыгы чыккан. Анын алкагында программа иштелип чыгып, жол картасы бекитилди. Анда каада-салт, нарк-насилди сактоого, жайылтууга багытталган аракеттер камтылган. Билим берүү багытында алсак, окуу пландарга улут наркы сабактарын киргизүү каралган. Учурда 5-10-класстар арасында нарк сабактары боюнча тарбиялык сааттарды өтүү программасы түзүлдү. Мындан тышкары, окуучуларга этностор аралык ынтымак, диндер боюнча түшүндүрмө берилет. Бул багытта үй-бүлөдөгү тарбия, нарк-насил, этнопедагогика, улуттук баалуулуктар боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүүдө", — деди Токонова.

Ошондой эле ал улуттук нарк боюнча концепция иштелип жатканын кошумчалады.