Онищенко КР менен РФ медицина тармагында кандай кызматташа аларын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 7 фев — Sputnik. Россиянын Илимдер академиясынын мүчөсү Геннадий Онищенко Кыргызстан менен Россия медицинанын кайсы багыттары боюнча кызматташа аларын Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингде билдирди.
Россиянын Илимдер академиясынын мүчөсү Геннадий Онищенко
Анын айтымында, дары-дармек өндүрүү жаатында эки өлкөнүн кызматташуу потенциалы ​​чоң, мүмкүнчүлүктөр бар.
"Сейрек кездешкен ооруларды дарылоо, трансплантология өңдүү жогорку технологиялык тейлөө жаатында да биргелешип иштешсе болот. Мисалы, Россиянын Трансплантология институту дүйнөдө жүрөк алмаштыруу операциясын көп жасайт", — деген Онищенко.
Россиянын былтыр Кыргызстанга көрсөткөн жардамы. Инфографика