БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргызстандын түрмөлөрүндө өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 361 адам отурат. Бул туурасында мыйзамсыз соттолгондор жана жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусунда жазылган.
Жогорудагыдай жаза алган жарандардын ичиненен 154ү президенттин алдындагы комиссияга ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылган. Натыйжада сегиз адамдын суранычы канааттандырылып, калганы четке кагылганы белгиленди.
Мындан сырткары, 501 соттолуучу жаза өтөөнү мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга сотко сунуш киргизген. Натыйжада соттун чечими менен 180и бошотулуп, 321инин өтүнүчү канааттандырылган эмес. Буга жасаган кылмышынын оордугу, узак мөөнөткө кесилгени, тийиштүү органдардын терс мүнөздөмөсү, экстремисттик материалдарды таратуусу негиз болгон.