Израилге берилчү жардамды Конгресстин төмөнкү палатасы колдогон жок. Себеби

Сенат мурдараак мунасага келген бюджеттик мыйзам долбоорун сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы жардам тизмесине Украина кошулбагандыктан Израилге каралган көмөк боюнча мыйзам долбоорун колдогон жок. Бул туурасына РИА Новости билдирди.
Мыйзам чыгаруу органынын маалымат кызматы мурдараак документтин өтүп кетиши үчүн конгрессчилердин үчтөн эки бөлүгүнүн колдоосу зарыл экенин билдирген. Добуш берүүнү каналдар түз алып беришти, андан 180 парламентарий каршы болгонун көрүүгө болот.
Мурдараак Сенаттан мунасага келген бюджеттик мыйзам долбоорун сунушташкан. Анда 118,3 миллиард долларды Украина, Израилге жардам берүү үчүн жана АКШнын түштүк тараптагы чек арасындагы абалды жөнгө салууга бөлүү сунушталган. Ал республикачылардын мыйзамсыз миграцияны чечүү боюнча талаптарынан улам иштелип чыккан. Байдендин администрациясы Украинага жардам кылыш үчүн каражат сураганда ага бөгөт койгон республикачылар чек ара жаатындагы жогорку көйгөйдү алып чыгышкан.
Сенаттын компромисстик документи палатадагы экинчи тараптын нааразылыгын жараткан. Конгресстегилер альтернативалуу кадам катары өзүнүн документин иштеп чыккан. Анда Байдендин мурдагы сурамынан улам Израилге өзүнчө каралган пакет менен 14 миллиард доллар бөлүү каралган. Ак үй эгер аталган мыйзам долбоору кабыл алынып кетсе, ага вето коерун айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинаны кошпогону үчүн Ак үй Израиль боюнча документке вето коюу ниетинде