Иордания курама командасы күтүүсүз Азия кубогунун финалына чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Иордания курама командасы Катарда өтүп жаткан футболдо Азия кубогунун финалына чыкты.
Иордания Түштүк Корея (фавориттердин бири) менен беттешип, аларды 2:0 эсебинде жеңген. Экинчи финалчы Иран менен Катар курама командаларынын беттешинин жыйынтыгы менен аныкталат.
10 жыл мурда кыргызстандык футболчу Антон Землянухин иорданиялыктардын дарбазасына мыкты гол киргизген.
Ал эми 2018-жылдагы дүйнө чемпионатынын тандоо турунда кыргызстандыктар бул атаандашы менен эки жолу беттешип (тең чыгуу жана жеңиш) мүмкүн болгон 6 упайдан 4 упайга ээ болгон.
Команда менен калам деп үмүттөнөм! Штефан Таркович оюндан кийин үн катты