БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Боор илдетке чалдыкса да ооруганы сезилбейт. Мындан улам илдет көп учурда өтүшүп кетерин онколог Ростислав Павлов "Доктор Питер" басылмасына айтып берген.
"Боор жабыркаган кезде тери менен көздүн агы саргайып, оң тараптагы кабырганын алдында жагымсыз сезим пайда болот. Ошондой эле тырмактын асты агарып калат", — деген онколог.
Бирок бул органдын абалын УЗИ жана кандын анализи аркылуу гана билүүгө болору айтылат.
"Боордо нерв клеткалары болбогондуктан, орган өзү ооруну сезбейт. Бирок ал вирус же алкоголдук ичимдиктин кесепетинен жабыркаган кезде чоңоюп кетет. Мындан улам оң тарапта, кабырганын астында ооруксунуу пайда болот", — деп түшүндүргөн адис.