Бишкектеги базар администрациялары салык кызматын онлайн пайдаланууну үйрөнүүдө

Окутуудан өткөндөр өз участокторунда ишкерлерге, соодагерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы Бишкектеги базар администрацияларын салык кызматтарын онлайн-пайдалануу боюнча окутууда. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге караганда, окутуудан өткөндөр өз участокторунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

"Окуу учурунда администрация өкүлдөрүнө ишкерлер салык органдарына барбастан "салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу электрондук патентти өз алдынча алуу, узартуу, ошондой эле бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу "жеке кабинетке" кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу боюнча маалымат берилди. Мбанк жана MegaPay мобилдик тиркемелери аркылуу электрондук патент алуу боюнча да маалымат алышты", — деп жазылат кабарда.

Салык кызматынын адистери базарларда иштеген ишкерлерге кайсы салык режимин тандоо керектигин да түшүндүрүшкөн. Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын 1-июлунан тартып соода үчүн патентти колдонуу токтотула турганын эскертти. Белгиленген убакытка чейин патент менен соода кылган ишкерлер тийиштүү салык режимин тандашы керек. Стратегиялык объектилерге ("Дордой", "Кара-Суу" СБК) киргизилген салык төлөөчүлөр үчүн өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык каралган. Базарларда жана кичи базарларда соода кылгандар үчүн бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы иштемекчи.
Үч жылдын ичинде ККМ колдонгон ишкерлердин саны 4 эсеге көбөйдү