Айсулуу Мамашова менен Элдар Абакиров парламентте ант берди. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алган Айсулуу Мамашова менен Элдар Абакиров ант берди.
Алар "Альянс" партиясынын тизмеси менен парламентке келишти. Эл өкүлдөрү чек арадан мыйзамсыз өттү деп кылмыш иши козголгон Эмил Жамгырчиевдин жана диплом чырынан улам кеткен Фарходбек Алимжановдун ордун ээлешти.
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров
Мамашова Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Абакиров ишкер, мурда экономика министринин орун басары кызматында иштеген.
Экс-депутат Эмил Жамгырчиев абактан бошотулду