Ак-Ордо конушунда автобус менен жеңил автоунаа кагышты. Видео

Соцтармакка жарыяланган видеодон көрүнүп тургандай, жеңил унаа жол жээгине чыгып, талкаланып калган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бишкектин Ак-Ордо конушунда автобус менен Honda Fit үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышты.
Соцтармакка жарыяланган видеодон көрүнүп тургандай, жеңил унаа жол жээгине чыгып, талкаланып калган.
Кайгуул милициянын маалымат кызматы жол кырсыгы Ахунбаев жана Каркыра көчөлөрүнүн кесилишинде 6-февраль күнү кечки саат 23:30дар чамасында болгонун кабарлады.

"Автобустун жумушу бүтүп базага кайтып келе жатканда жеңил автоунаа алдынан чыга калган. Honda Fit унаасынын айдоочусу жабыркап, ооруканага жаткырылды. Учурда жол кырсыгы боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө", — деп жазылат кабарда.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин сактап, ылдамдыкты ашырбай, коопсуздукка көңүл бурууга чакырды.
Айланма жолдо эки унаа сүзүшүп, бир адам каза болду. Жабыркагандар да бар