Акылбек Жапаров расмий сапар менен Түркияга барат. Иш-чаралар

Минкаб төрагасы кыргыз-түрк бизнес-форумуна да катышып, анын алкагында ири бизнес өкүлдөрү менен жолугары кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-10-февралда Түркиянын Анкара шаарына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына катышат.
"Ошондой эле Түркия жетекчилери жана мамлекеттик органдардын башчылары менен жолугушуулар күтүлүүдө. Анда тараптар кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү", — деп айтылат маалыматта.
Минкаб төрагасы кыргыз-түрк бизнес-форумуна да катышып, анын алкагында ири бизнес өкүлдөрү менен жолугары кошумчаланды.
"Андан соң өнөр жай, транспорт, медицина жана электрондук соода жүргүзүү тармактарында иш алып барган орто жана ири ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышып, ишкерлик чөйрөдө кызматташууну талкуулайт", — деп жазылат кабарда.
Жолугушуулардын жана жыйындардын соңунда эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
Түркиянын ири соода түйүнүнө КР компанияларынын продукциясын жеткирүү сүйлөшүлдү