8-февралга карата аба ырайы

8-февралга караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Көчкү түшүшү ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. 8-февраль, бейшембиде, өрөөндөрдө жаан жаайт. Тоолорго кар түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +1…+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5…+10, Ысык-Көлдө 0…+5 градус жылуу болсо, Нарында -1...-6 градус суук болот.
Борбор калаада күндүн табы +3…+5, Ош шаарында +8…+10 градус жылуу болору болжолдонду.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Депутат: ТЭЦте диверсия эмес, шалаакылык болгон, жетекчилер жооп берсин