Радио

Жуматаева: эми 1996-жылга чейинки эмгек стажга маалым кат талап кылынбайт

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева аталган тармак санариптешүүгө басым жасоо менен жарандардын документ чогултуу иштери жеңилдей турганын айтты.
Sputnik
Эми 1996-жылга чейинки эмгек стажын тастыктоо үчүн жарандар архивдерден маалым кат чогултушпайт. Аталган маселе сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда да каралды. Бул тууралуу Гүлнура Жуматаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзам долбоору кабыл алынып иштеп калса, жарандар 1996-жылга чейинки эмгек стажы үчүн бирдиктүү сумма болгон 2000 сом алышат.

"Социалдык фонддо кыргызстандыктардын 1996-жылдан кийинки эмгек стажы тууралуу маалымат бар. Ага чейинкисин, тилекке каршы, жарандар өздөрү архивдерден чогултуп келиши талап кылынчу. Жыйынтыгында түйшүк эле жаратпастан коррупциялык элементтер да байкалчу. Жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда мунун ордуна 1996-жылга чейин иштеген стажы бар жаран пенсияга чыга турган болсо бирдиктүү сумма 2000 сом чегерүү каралды. Эсептеп көрсөк, ал 1996-жылга чейин жогорку айлык маяна алган иште эмгектенген болсо деле чогултуп келген маалым каттардын негизинде 2000 сомго жетпеген акчага чыкмак. Мунун баары биринчиден элдин ыңгайлуулугу үчүн жана коррупцияны болтурбоо үчүн жасалууда. Учурда санариптештирүү өнүгүп жатат. Биз мындай кадамдарыбыз менен келечекте үйдөн чыкпай эле колубуздагы смартфон аркылуу пенсияга чыгып калабыз", — деди Жуматаева.

Ал 1996-жылга чейинки эмгек стажын тастыктоону талап кылган жарандардын саны жылдан-жылга азайгандыктан бул өзгөрүү ишке кирсе кыйынчылык жаратпай турганын кошумчалады.