Көптөр олжолуу кайткан. 10 жыл мурда Сочиде өткөн Олимпиаданын видеосу

Мындан 10 жыл мурда Сочи шаарында Россия биринчи ирет кышкы Олимпиада оюндарын өткөргөн. Ага 88 мамлекеттен 2 780 спортчу келген.
Sputnik
Жакынкы чет өлкөлөрдүн окурмандарына Олимпиада эмнеси менен эсте калганын айтып беребиз.
Россиянын курама командасына 225 спортчу кирген, бул башка жылдарга караганда көп болгон. Өлкө медалдык эсепте да биринчи орунга чыккан.
Беларусь да ал оюнда мыкты көрсөткүчтөрдү жараткан. Беш алтын жана бир коло медалды байге куржунуна салган. Украиналык олимпиадачылар 20 жыл мурдагы ийгилигин кайталап, бир алтын жана бир коло медаль менен кайтышкан. Латвиядан 58 спортчу тогуз түр боюнча ат салышкан. Алар скелетон, бобслей жана чана спортунда күмүш, коло медалдарга татыган. Казакстандан келген 58 спортчунун ичинен Денис Тен жалгыздап көркөмдөп муз тебүүдө өлкөсүнө коло медаль алып берген.