БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абаддагы бир катар түзөтүү мекемелерин бузуу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Кеп Жазаларды аткаруу кызматынын алдындагы №10 түзөтүү абагы, Кайтаруу жана конвой башкармалыгынын №5 батальонунун имараттары тууралуу болуп жатат.
"Түзөтүү мекемелеринин ордуна административдик имарат курулуп, шаардыктар үчүн сейил бак, музей, оюн-зоок борбору салынат", — деп айтылат маалыматта.