БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Россиядагы президенттик шайлоо боюнча жакынкы чет мамлекеттерде добуш берүү тилкелери түзүлдү.
© Sputnik
Алардын саны жана кайсы өлкөлөрдө экенин Sputnik сунуштаган инфографикадан көрө аласыз.
Бул саясий өнөктүктө Эстониядан тарта Тажикстанга чейин добуш бере алышат. РФ лидерин шайлоо үчүн аталган мамлекеттин жарандары 2024-жылдын 15-17-мартында өзүнүн мекенинде эле эмес, шайлоо тилкелери ачылган жакынкы чет өлкөлөрдө тандоосун жасайт. Федерация кеңеши шайлоону бир күн — 17-март деп белгилеген, ал эми БШК лидерди тандоо үч күн болсун деген чечим кабыл алган.