Депутат Примов россиялык кесиптеши Жабаров менен жолукту. Талкууланган маселелер

Парламентарий мамлекеттер аралык алакаларды арттырууда парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Улан Примов Россиянын Федералдык жыйынынын эл аралык иштер комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Жабаров менен жолугушту. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Москвада уюштурулган жолугушууда Примов мамлекеттер аралык алакаларды арттырууда парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенин белгилеген.
“Биз эки тараптуу байланыштардан тышкары ЖККУ ПА, КМШ ПАА өңдүү эл аралык аянтчаларда жигердүү кызматташып келебиз. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган мүмкүнчүлүктөр өтө чоң. Ага ылайык, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана коопсуздук тармактарындагы салтка айланган өнөктөштүктү дагы өнүктүрүүбүз кажет”, — деди Примов.
Мындан сырткары, ал эмгек мигранттарынын шарт-жагдайын жакшыртуу максатындагы сунуштары менен бөлүштү.
Ал эми Жабаров билим берүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорго токтолуп, бул багыттагы келишимдердин ийгиликтүү ишке ашуусун көзөмөлдөө маселесин көтөргөн.
Ошондой эле тараптар парламенттеги тармактык комитеттердин биргелешкен отурумдарын өткөрүү боюнча макулдашканы кошумчаланды.
Михаил Мишустин менен Акылбек Жапаров Москвада жолукту