Радио

Салыктык башкарууну санариптик технология менен жөнгө салууга басым жасалат

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев салык системасын трансформациялоо аркылуу элге, бизнеске ыңгайлуу шарттар караларын айтты.
Sputnik
Салыктык башкарууну санариптик технологиялар менен жөнгө салууга басым жасалат. Көптөгөн салыктык кызматтар онлайн көрсөтүлүп, бир топ жеңилдиктер түзүлгөнүн Адилет Дубанаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл салыктык кызматтарды өркүндөтүүгө багытталган бир катар ири долбоорлор жана демилгелер ишке киргизилет.
"Жакында эле Бишкекте депутаттардын, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдардын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнүн жана ишкерлердин катышуусунда II Улуттук салык форуму өттү. Форумда салыктык башкаруу, санариптик технологияларды ишке киргизүү маселелери тууралуу сөз болду. Көбүнесе салыктык башкарууну санариптик технологиялар менен жөнгө салуу ишине басым жасалды. Көптөгөн салыктык кызматтар онлайн көрсөтүлүп, бир топ жеңилдиктер түзүлүп жатат. Салык системасын трансформациялоо аркылуу жарандарга, бизнеске ыңгайлуу шарттар каралат. Ага байланыштуу быйыл салыктык кызматтарды өркүндөтүүгө багытталган бир катар ири долбоорлор жана демилгелер ишке киргизилет", — деди Дубанаев.
Ошондой эле адис "Бир салык, бир фискалдык орган, бир эсеп" принциби боюнча салык механизмдерин жана жол-жоболорун оптималдаштыруу жана салык мыйзамдарын жөнөкөйлөтүү зарылдыгын айтты.