Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдун курулушу башталды. Видео

Ош облусуна жумушчу сапары менен барган өкмөт башчы Акылбек Жапаров аталган жолдун курулушу менен таанышты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Өзгөн шаарын айланып өткөн альтернативдүү жол курулуп жатат. Долбоор 2,6 миллиард сомго бааланган. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Маалыматка караганда, трассанын узундугу 14 чакырым, туурасы 22 метр болот. Анын ичинде 197 жана 77 метрден турган эки көпүрө салынат. Натыйжада Бишкек — Ош каттамындагы айдоочулар Өзгөн шаарына кирбей, тыгын азаят.
"Учурда Бишкек — Ош жолунда тыгын көп. Жаңы айланма жол тыгынды бир топ азайтат, ошондой эле жол коопсуздугун жакшыртат. Долбоор бир нече көпүрөлөрдү жана жер астындагы өтмөктөрдү курууну камтыйт. Курулуш иштерин 2024-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда", — деп айтылат маалыматта.
1 / 3

Өзгөн шаарын айланып өткөн альтернативдүү жол курулуп жатат

2 / 3

Долбоор 2,6 миллиард сомго бааланган

3 / 3

Маалыматка караганда, трассанын узундугу 14 чакырым, туурасы 22 метр болот. Анын ичинде 197 жана 77 метрден турган эки көпүрө салынат

Ош облусуна жумушчу сапары менен барган өкмөт башчы Акылбек Жапаров аталган жолдун курулушу менен таанышты. Ал ошондой эле Өзгөн районундагы Кара-Дарыя дарыясына курулуп жаткан дамбанын курулушунун жүрүшүн көргөн.
"Долбоордун сметалык баасы 731 миллион сомду түзөт. Дамбанын узундугу 4 551 метрге жетет. Курулуш иштери 2024-жылдын март айында бүтөрү күтүлүүдө", — деди өкмөт.
Баш-Дөбө жана Кароол айыл аймактарына жакын жайгашкан бул жерге заманбап турак жай комплекстерин долбоорлоо пландалып жатканы кошумчаланды.
Өзгөндө күрүч менен балыкты кошо өстүрүшүүдө. Пайдасы