БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) аткаруучу директору Андрей Широков менен жаңы долбоорду ишке ашырууну талкуулады. Бул туурасында аталган министрликтен кабарлашты.
Жолугушууда тараптар "Ден соолук кербени" жана саламаттык сактоо уюмдарынын автопарктарын жаңылоо сыяктуу мурдагы долбоорлордун жыйынтыгы боюнча кеп кылышты. Кыргызстанды кошумча тез жардам автоунаалары менен камсыз кылуу боюнча саламаттык сактоо тармагындагы жаңы долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Министр Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директоруна Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
"Ден соолук кербени" долбоорунун алкагында бизге айыл жергесинде жана жетүүгө кыйын аймактарда жашаган калктын арасында ооруларды алдын алуу жана эрте аныктоо үчүн эки автопоезд берилди. Баштапкы профилактикалык кароолорду өткөрүү жана ден соолукту чыңдоо — биздин артыкчылыктуу багыттардын бири. Ошондой эле өткөн жылы 107 автоунаа алдык. Биздин саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуубуз өз ара пайдалуу алаканын шарттарында тереңдейт жана бекемделет деп ишенебиз", — деди Бейшеналиев.
Министр учурда кыргыз тарап Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду жарыялаган 3-сынактын алкагында гранттык жардам алуу үчүн тиешелүү иштер жасалып жатканын кошумчалаган.
Широков каралган кезектеги гранттык жардам көрсөтүү долбоорунун алкагында адистештирилген автоунааларды сатып алуу иштеринде жыл соңуна чейин келип калышы үчүн техниканын санын аныктап, сатып алуу процессин баштоону белгилеген.