Казакстанда аткаминерди жыйын учурунда кармап кетишти. Видео

Шаар акими муниципалитетте иштегендер арасында таза эмгек кылгандар менен бирге сатылгандар да бар экенин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Шымкентте Турак жай башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучуну акиматтын (мэрия) жыйыны өтүп жаткан учурда кармап кетишти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Маалыматка караганда, жыйындын башында шаар акими Габит Сыздыкбеков паракорчулук тууралуу кеп кылып жаткан.
Ошол учурда Антикоррупция кызматынын өкүлдөрү кирип, залда отургандардын бирине тергөөнүн сурагы бар экенин айткан. Аким "азыр эле дароо алып кеткиле" деп жооп берген соң аткаминерди залдан чыгарып кетишкен.
Шаар акими муниципалитетте иштегендер арасында таза эмгек кылгандар бар экенин белгилеп, бирок сатылгандар да жок эмес экенин кошумчалаган.
"Мени туура түшүнүңүздөр, башка айлам калбады. Беш айдан бери таза иштеңиздер деп айтып келем. Бул сиздерге сабак болсун", — деген жетекчи.
Пакистандын экс-премьери жана анын аялы коррупция үчүн 14 жылга кесилди