Кочкордогу "Болот" базарынын ээсинин үйүнөн курал, ок-дары табылды. Сүрөт

Базар ээси сатуу-сатып алуу келишимин жана башка укуктук документтерди түзбөстөн, ишкерлерге соода жайларын кымбат баада берип турган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. УКМК Кочкор районундагы "Болот" базарынын Б.Б. аттуу ээсинин үйүнөн курал, ок-дары табылганын маалымдады.
1 / 4

УКМК Кочкор районундагы "Болот" базарынын Б.Б. аттуу ээсинин үйүнөн курал, ок-дары табылганын маалымдады

2 / 4

Ага ылайык, базар ээси (жергиликтүү кеңештин экс-депутаты) алдамчылыкка шектелип, жашаган жери тинтүүгө алынган

3 / 4

Текшерүү учурунда андан милиция кызматкеринин эки, депутаттын бир күбөлүгү жана ИИМге катталган Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү жолтандабастын техпаспорту чыккан

4 / 4

Ошондой эле мыйзамсыз сакталган курал-жарактар, МП-155 үлгүсүндөгү мылтык, анын октору, Калашников автоматынын ок-дарысы жана "Болот" соода-базар комплексинине тиешелүү документтер табылган

Ага ылайык, базар ээси (жергиликтүү кеңештин экс-депутаты) алдамчылыкка шектелип, жашаган жери тинтүүгө алынган. Текшерүү учурунда андан милиция кызматкеринин эки, депутаттын бир күбөлүгү жана ИИМге катталган Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү жолтандабастын техпаспорту чыккан.
"Ошондой эле мыйзамсыз сакталган курал-жарактар, МП-155 үлгүсүндөгү мылтык, анын октору, Калашников автоматынын ок-дарысы жана "Болот" соода-базар комплексинине тиешелүү документтер табылган", — деп жазылат кабарда.
Ишкер сатуу-сатып алуу келишимин жана башка укуктук документтерди түзбөстөн, ишкерлерге соода жайларын (40 тонналык контейнердин төрттөн бир бөлүгүн) 70 миң сомдон 130 миң сомго чейин сатып жибергендиги ачыкталган. Ага карабай Б.Б. контейнерлерди (соода жайларын) сатып алган ишкерлерден ушундай эле белгиленген ижара акысын өндүрүп турганы маалым болду.
"Кээ бир соодагерлер контейнер жана компенсациядан кол жууп калган, анткени алардын ордун башкаларга ижарага берип жиберген. Буга "карызың чогулуп кетти" деген жүйө келтирген", — деп жазылат маалыматта.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгү "Алдамчылык" боюнча иш козголуп, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
"Берекет" соода комплексинин ээси жана директору кармалды