Бишкек ТЭЦиндеги авария

Комиссия Бишкектин жылуулук системасын борбордук башкаруудан чыгарууну сунуштайт

Штаттан сырткаркы кырдаалдын жаралышына күнөөлүүлөргө чара колдонуу боюнча да сунуштар берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Бишкек ТЭЦиндеги авариянын себебин иликтеген ведомстволор аралык комиссия калааны жылуулук менен камсыздоо системасын борборлоштурулган башкаруудан чыгарууну сунуштайт. Бул туурасында өкмөт башчынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, кырсыктын келип чыгуу себеби комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен аныкталат. Ошондой эле келечекте ушул сыяктуу кырдаалды болтурбоо боюнча чаралар сунушталат.
“Бул үчүн өз алдынча жылуулук электр станцияларын жана от казандарды куруш керек болот. Бишкек ТЭЦиндеги штаттан сырткаркы кырдаалдын жаралышына күнөөлүүлөргө карата чара колдонуу боюнча да сунуштар киргизилет”, — деп айткан Төрөбаев.
Мындан сырткары, ал жумуштун жыйынтыгы менен Бишкек ТЭЦин толук модернизациялоо долбоорун иштеп чыгуу сунушталарын билдирди.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Өкмөт Россиядан келген адистер менен ТЭЦти оңдоонун үч вариантын карап жатат