Ботаникалык бакта милиционердин сөөгү табылды

Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Ордо калаадагы Ботаникалык бакта милиционердин сөөгү табылганын, ал Бишкектин Октябрь РИИБ башчысынын мурдагы орун басары экенин укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдар Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыкташты.
Милициянын сөөгү бүгүн күндүз табылган. Алдын ала маалымат боюнча, маркум өз өмүрүнө кол салган.
РИИБден билдиргендей, 5-февралда милицияга маркумдун жубайы кайрылып, күйөөсү 4-февралдан бери дайынсыз болуп жатканын айткан. Аталган иш бирдиктүү реестрге катталып, тиешелүү экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.
Ошто асылып калган милиционер аял табылды