Небензя: АКШ Ирак, Сирияга чабуул коюп, Байдендин аброюн көтөрүү аракетинде

Дипломат АКШнын өч алуу үчүн жасаган ири аба операциясын актоого болбостугун айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. АКШнын Ирак менен Сирияга койгон чабуулдары Жозеф Байдендин администрациясынын түшкөн беделин кайрадан жакшыртып, көтөрүү максатында жасалып жатат. Бул туурасында Россиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя уюмдун Коопсуздук кеңеши өтүп жатканда айтканын РИА Новости жазды.
Дипломат АКШнын Сирияда мыйзамсыз жайгашкан аба базасына коюлган чабуул үчүн өч алуу максатында Жакынкы Чыгышта 2003-жылдан берки жасалган бул ири аба операциясын актоого болбостугун айтты.
"Жасалып жаткан бул кадамдардан Американын ички саясатындагы жагдайларына таасир этүүгө умтулуу, эл аралык аренада америкалык азыркы администрациянын түшкөн беделин президенттик шайлоонун алдында көтөрүүгө жасалган аракеттерди көрүп турабыз", — деген Небензя.
Дипломат урулган соккулар чатактын отун мындан ары алоолонтуу үчүн жасалып жатканын белгиледи. Өлкөнүн чыгышындагы сириялык аскерий позициялар менен объектилер, өзгөчө, Дэйр-эз-Зор провинциясында "Ислам мамлекети"* менен акырына чейин күрөшүп жаткандар бутага алынган.
"Соңку учурда Иранга жан тарткан Ирак, Сириядагы топтордун объектилерине АКШ тынымсыз чабуул коюу менен Жакынкы Чыгыштагы кубаттуу, ири өлкөлөрдү жалпы аймактык чатакка атайылап тартууга аракет жасап жатат", — деп белгилеген Небензя.
Атайын өкүл дүйнө коомчулугун Ирак менен Сириянын эгемендүүлүгүн бузган "Вашингтондун жана анын союздаштарынын Жакынкы Чыгыштагы ойлонулбаган кадамдарын сөзсүз айыптоого" чакырды.
2024-жылдын 3-февралына оогон түнү АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) аскердик базага жасаган чабуулу үчүн Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун жана анын Ирак, Сириядагы союздаштарынын 85тен кем эмес объектилерин талкалагандыгын билдирген. Сокку командалык пунктуларга, чалгын борборлоруна, ракета, пилотсуз учуучу аппараттар сакталган жайларга жана башка жерлерге урулган.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова "эгемендүү мамлекеттерге жасалган америкалык-британиялык жаалды келтирген актыларын" айыптаган. Ирак менен Сириянын аймактарын бомбалашы Американын эл аралык укуктарды тоготпошу экенин айткан. Мындай кадамы менен Вашингтон Жакынкы Чыгыштын мамлекеттерин чатакка аралаштырууга кадам таштады.
* Кыргызстан, Россия жана бир катар өлкөлөрдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террордук уюм
"Согуш күчөсө дейт". АКШнын Жакынкы Чыгыштагы келерки кадамы тууралуу айтышты