ЖМК: Трамп шайлоодо жеңсе НАТО АКШсыз каларын талкуулап жатышат

NYT немец аткаминерлери атайын операцияда Украинаны Россия жеңип кетсе, аны менен чатакташууну каалабастынын баяндаган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. НАТОнун, анын ичинен өзгөчө Германиянын өкүлдөрү эгерде Дональд Трамп президент болуп калса, АКШнын лидерлигисиз альянстын кандай болорун бейформал талкуулай башташты. Бул туурасында "Известия" The New York Times басылмасына шилтеме кылып жазды.
Газета немецтик аткаминерлер эгерде Трамп мурда пландагандай АКШны альянстан чыгарып, мамлекет анын негизи болбой калса НАТО жашап кете алабы деген суроонун тегерегинде да сүйлөшкөнүн да маалымдаган.
Немистер үчүн бул "ой жүгүртүүнүн кескин бурулушу", алар дүйнө татаалдашып, андагы кооптуулуктардын өсүп бара жатканын кеп кыла башташты. АКШ Украинаны колдобой калышы да түйшөлдүрүүдө. Ал эми альянстын биримдиги дал-далынан ыдыроо алдында турат.
NYT немец аткаминерлери атайын операцияда Украинаны Россия жеңип кетсе, аны менен чатакташууну каалабастынын баяндаган. Себеби алардын өлкөсүнүн коопсуздугу РФ менен кырды бычак болгондо эмес, кызматташканда сакталат деп эсептегенге көнүшкөн.
Мурдараак, 30-январда немецтердин Tagesschau телеканалы НАТОнун доору бүттү, Трамп бийликке келсе Ак үйдөгү альянс кулап, Украина АКШнын колдоосу жок калат деген ойду кылтыйткан. Мындан сырткары, 2023-жылы 7-декабрда Пентагондун мурдагы башчысы Марк Эспер Трамп президент болсо НАТО мүчөлөрүн АКШдан чыгарууга буйрук берерин жана альянсты "жок кыларын" айткан жайы бар.
АКШда 60-жолку президенттик шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрында болот. Август-сентябрда партиялардын курултайы өтүп, анда ар бир партиядан бирден талапкер чыгат. Тагдыр чечүүчү добуш берүү ноябрда өтмөкчү.
Трамп Путин үчүн иштейт. НАТО эмнеден улам ыдырашы мүмкүн экени айтылды