Бишкек ТЭЦиндеги авария

ТЭЦтеги жарылуунун очогу кайсы жерде жайгашканы айтылды

Адис жеринде күн сайын миңге жакын киши иштеп жатканын кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бишкек ТЭЦиндеги жарылуунун очогу көмүр майдалаган тегирменде жайгашканы аныкталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов "Биринчи радиодогу" маегинде билдирди.
Ал жарылуу өтө чоң масштабда болгонун белгиледи.
"Айнектин сыныктары, чатырдын тунукелери жүздөгөн метрге чейин учкан. Анткени жарылуунун күчү өтө чоң болгон. Баш-аягы 650-680 чарчы метрлик чатыр толугу менен аңтарылып калган", — деди Шамырканов.
Анын айтымында, атайын лаборатория изилдөөлөрдү жүргүзүп, өрт кырсыгынын очогун тапты.
"Өрттүн очогу 14-от казандын жанында жайгашкан тегирменге туура келди. Ал көмүрдү майдалап от казанга чачып берип турат. Лаборатория азыркы тапта дагы өзүнүн ишин улантууда", — деди ал.
Шамырканов жеринде күн сайын миңге жакын киши иштеп жатканын кошумчалады.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
ТЭЦтеги авария. Түркмөнстан жөнөткөн газ Бишкекке жетти