Садыр Жапаров бардык муктаждарга бөйрөгүн акысыз алмаштырууну тапшырды

Бөйрөк алмаштыруу операциясына мамлекет бир бейтапка 620 миң сом же 7,5 миң доллар сарптайт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров муктаж болгон бардык кыргызстандыктарга бөйрөк алмаштыруу операциясын акысыз жасоону тапшырды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
"Биз акысыз 50 операция жасоону пландаганбыз. Бирок жакында эле болгон операциядан кийин президент менен сүйлөштүм. Ал гемодиализ алып жаткан бардык 2 500 бейтапка бекер операция жасоо керектигин айтты. Операция кылсак, азыр гемодиализге кеткен акча бюджетте калып, жакшы үнөмдөлмөк", — деди Бейшеналиев.
Бөйрөк алмаштыруу операциясына мамлекет бир бейтапка 620 миң сом же 7,5 миң доллар сарптайт.
Кыргызстанда алгачкы ирет бөйрөк алмаштыруу боюнча акысыз операция жасалды