Бишкек ТЭЦиндеги авария

Өкмөт Россиядан келген адистер менен ТЭЦти оңдоонун үч вариантын карап жатат

Талкууда аймактардагы отканаларды модернизациялоо зарылдыгы да белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бишкекке Россия Федерациясынан адистер келип, алар ата мекендик энергетиктер менен биргеликте ЖЭБди реконструкциялоо, оңдоо иштерин, объектини узак мөөнөткө долбоорлоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашууда. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Маалыматка караганда, Акылбек Жапаров оңдоо иштерин тездетүү жана күчөтүү зарылдыгын белгилеген.
"Мындай жагдайлардын кайталанышына жол берүүгө болбойт. Бакыт Төрөбаев башында турган мамлекеттик комиссия окуянын себептерин иликтейт. Ошол эле учурда имараттардын ичине, зарыл болгон учурда эскертүүчү жана көзөмөлдөөчү тиешелүү датчиктерди орнотуу зарылчылыгын карап көрүү керек", — деди ал.
Акылбек Жапаров төмөнкүдөй варианттар изилденерин дагы айтты:
жарым-жартылай модернизациялоо;
бүтүндөй ТЭЦ системасын модернизациялоо;
объектини толук жаңылоо.
Мындан тышкары, аймактардагы отканаларды модернизациялоо зарылдыгы белгиленди.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
ТЭЦтеги жарылуунун очогу кайсы жерде жайгашканы айтылды