БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университети (КРСУ) Кыргызстанда гана эмес, КМШнын аймагында дагы эң мыкты окуу жайлардын бири болуп саналат. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев билдирди.
Университеттин маалымат кызматы кабарлагандай, ректор Денис Фомин-Нилов менен Чүйдүн башчысынын жолугушуусу өттү. Алар аймактын бийлиги менен окуу жайдын кызматташуусун талкуулашкан.
Ректор университет эки өлкөнү бириктирип, илимий, маданий жана гуманитардык кызматташууну өнүтүрүүгө кол кабыш кылып келе жатканын белгиледи.
"КРСУ эмгек рыногуна керектүү, экономиканын, коомчулуктун жана мамлекеттин өсүшүнө салым кошо алган жогорку кесипкөй адистерди даярдап келет", — деди Фомин-Нилов.
Ал эми Жумагазиев КРСУ менен анын жетекчилигин колдой турганын айтты.
"КРСУ Кыргызстанда гана эмес, КМШ ичинде дагы мыкты окуу жайлардын катарына кирет. Эл аралык рейтингдерде алдыңкы саптарды ээлейт. Университет Чүй облусунун, дегеле Кыргызстандын жаштарына сапаттуу билим берүүдө маанилүү социалдык функциясын аткарып келет", — деди Жумагазиев.
Ал окуу жайга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалаган.