Көмүрдү автоунаа менен ташууга тыюуну дагы жарым жылга узартуу сунушталууда

Документ 29-январда жарыяланган. Эгер ал коомдук талкуудан кийин кабыл алынса, анда тыюу салуу 19-мартта күчүнө кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргызстанда автоунаа менен көмүр ташып чыгууга салынган тыюуну дагы жарым жылга узартуу сунушталууда.
Министрлер кабинетинин токтом долбоорун Энергетика министрлиги иштеп чыгып, коомдук талкууга койгон.
Биринчиси кара алтындын жетишсиздигин жана баанын жогорулашын алдын алуу үчүн 2023-жылдын сентябрь айында "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасына гана киргизилген.
Мындай чечимден кийин эл арзан көмүр менен камсыз болгон. Ички рынокту ата мекендик көмүр менен толтуруу, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында алты айлык чектөөнү сентябрга чейин кайра киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, кара алтынды "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрмө пунктулары аркылуу ташып чыгууга болбойт.
Документ 29-январда жарыяланган. Эгер ал коомдук талкуудан кийин кабыл алынса, анда тыюу салуу 19-мартта күчүнө кирет.
Радио
Мухамбетов: кичи ГЭСтерди куруу ылдам, арзан жана ыңгайлуу