Казакстан Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө кандай даярданып жатканын маалымдады

Спорттун жыйырма түрү боюнча 110 комплект медаль ойнотулары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Быйылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 107 өлкөдөн 4000ден ашуун спортчу катышары күтүлүүдө. Бул туурасында Астана мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оюндар спорт, маданият, илим болуп үч багытта өтөт. Спорттун жыйырма түрү боюнча 110 комплект медаль ойнотулат.
"Мелдешке ат оюндары, улуттук күрөштүн түрлөрү, салттуу жаа атуу, куш салуу жана интеллектуалдык спорттун түрлөрү кирет. Ал эми көргөзмө программасында этникалык спорттун 10 түрү камтылган. Оюндар өтө турган жайлар бири-бирине жакын, катышуучуларга транспорт уюштурулат", — деген Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү дирекциясынын жетекчисинин орун басары Абылай Кондыбаев.
Оюндар "Астана-Арена" стадионунда, Үчкемпиров атындагы менчик сарайында, "Алау" муз аянтчасы орун алган жайда, "Казакстан" жеңил атлетика спорттук комплексинде, "Думан" мейманкана комплексинде жана "Казанат" ипподромунда өтөт.
Ошондой эле ат майдандын аймагындагы 10 гектар жерге "Көчмөндөр ааламы" этноайылы ачылып, маданий программалардын аянтчасы болот.
Муну менен бирге 1000 ыктыярчы тартылары маалымдалды.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 8-14-сентябрь күндөрү Астанада өтөт. Буга чейин үч жолу Кыргызстанда, бир ирет Түркияда болгон.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астанада сентябрда өтөрү айтылды