Футзал боюнча кыз-келиндер командасы Душанбедеги турнирди жеңиш менен баштады

Футзал боюнча кыз-келиндер командасы Душанбедеги турнирде
Мелдешке Кыргызстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттеринин курама командалары катышууда. Жеңүүчү бир айлампадан кийин топтолгон упайлардын негизинде аныкталат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Футзал боюнча кыз-келиндер курама командасы Душанбеде өтүп жаткан борбор азиялык CAFА турнирин жеңиш менен баштады. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Ата мекендик команда Түркмөнстан менен ойноп, атаандаштарын 3:1 эсебинде жеңген. Бүгүн тажик командасы менен экинчи оюн болот.
Турнирге Кыргызстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттеринин курама командалары катышууда. Жеңүүчү бир айлампадан кийин топтолгон упайлардын негизинде аныкталат. Бардык командалар бири-бири менен ойноп чыгышмакчы.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович. Архивдик сүрөт
Футбол союзу Штефан Тарковичтин мындан аркы тагдыры тууралуу айтты