Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украин тарап ЛЭРдин Лисичанск шаарына сокку уруп, 20 адам набыт болду

Кечээ Украина Куралдуу күчтөрү Лисичанскидеги наабайкананы бутага алган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Луганск Эл Республикасынын Лисичанск шаарындагы наабайканага украин армиясы урган соккудан каза болгондордун саны 20га жетти. Бул туурасында РИА Новости Россия ӨКМине таянуу менен жазды.

"Аткылоодон кийин ӨКМдин кызматкерлери уранды алдынан 20 адамдын сөөгүн алып чыкты. Кайра дагы сокку урулушу ыктымалдыгына карабай куткаруучулар өз өмүрүн тобокелге салып, калган кишилерди издеп жатышат", — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 3-январда, Украина Куралдуу күчтөрү Лисичанскидеги наабайканага сокку урган. Тергөө кызматынын алдын ала маалыматы боюнча, америкалык РСЗО HIMARS реактивдүү системасы менен аткылашкан. 10 жай тургун жаракат алып, анын бешөө оор абалда жатат. Алгач уранды алдында 40 адам болушу мүмкүндүгү айтылган.
ЛЭРдин башчысы Леонид Пасечник киевдик режим фронтто жеңилип баратканына ичи ачышып, атайын дем алыш күнү көпчүлүк нан алганы барган учурда аткылаганын билдирди.
Лисичанск фронттун линиясына жакын жайгашкан. Украин армиясы калктуу конуштарды калтырып, административдик имараттардын бир бөлүгүн жардырып кеткен. Салгылашуунун кесепетинен маанилүү делген инфраструктуралык объектилер талкаланган. Украин тарап бул шаарды тынбай аткылап жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Харьковдо 140 млн. евролук комплексти жок кылышты. Видео