Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лисичанск бүгүн аза күтүп жатат, чабуулдан каза болгондордун саны арбыды

Уранды алдында 40 адам болушу мүмкүндүгү айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Украина армиясынын ЛЭРдин Лисичанск шаарына жасаган чабуулунан каза болгондор 28ге жетти, анын ичинде жаш бала бар. Аймак бүгүн аза күтүп жатат.
Бул туурасында ЛЭРдин башчысынын администрациясынан билдиришкенин РИА Новости жазды.
Мындан сырткары, 10 адам жаракат алган, алардын арасынан төртөөнүн абалы өтө оор. Дагы экөө оор абалда жатса, төртөө амбулатордук дарыланууга чыккан.
ЛЭР жетекчиси Леонид Пасечник 4-февралды аза күтүү күнү деп жарыялаган.
Кечээ, 3-январда, Украина Куралдуу күчтөрү Лисичанскидеги наабайканага сокку урган. Тергөө кызматынын алдын ала маалыматы боюнча, америкалык РСЗО HIMARS реактивдүү системасы менен аткылашкан. 10 жай тургун жаракат алып, анын бешөө оор абалда жатат. Аскердик комендатуранын маалыматына ылайык, уранды алдында 40 адам болушу мүмкүн.
ЛЭРдин башчысы Леонид Пасечник киевдик режим фронтто жеңилип баратканына ичи ачышып, атайын дем алыш күнү көпчүлүк нан алганы барган учурда аткылаганын билдирди.
Лисичанск фронттун линиясына жакын жайгашкан. Украин армиясы калктуу конуштарды калтырып, административдик имараттардын бир бөлүгүн жардырып кеткен. Салгылашуунун кесепетинен маанилүү делген инфраструктуралык объектилер талкаланган. Украин тарап бул шаарды тынбай аткылап жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Харьковдо 140 млн. евролук комплексти жок кылышты. Видео