Кыргызстан менен Тажикстан ТИМ башчылары сүйлөштү. Жыйынтыгы

Тараптар кыргыз-тажик мамилелеринин саясий, соода-экономикалык жана маданий жааттагы кызматташуусунун азыркысын жана келечегин талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстан жана Тажикстан ТИМ жетекчилери Жээнбек Кулубаев менен Сироджиддин Мухриддин Душанбеде сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул туурасында КРдин тышкы саясат боюнча ведомствосунан кабарлашты.
Кулубаев тажик тараптын чакыруусу менен барган.
Ал сүйлөшүнүн жүрүшүндө Кыргызстан Тажикстан менен мындан аркы коңшулук мамилелерди бекемдегенге умтуларын белгилеген.
1 / 3

Кыргызстан жана Тажикстан ТИМ жетекчилери Жээнбек Кулубаев менен Сироджиддин Мухриддин Душанбеде сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

2 / 3

Кулубаев тажик тараптын чакыруусу менен барган.

3 / 3

Ал сүйлөшүнүн жүрүшүндө Кыргызстан Тажикстан менен мындан аркы коңшулук мамилелерди бекемдегенге умтуларын белгилеген.

Кулубаев кыргыз-тажик чек араларынын бардыгын тактап бүтүрүү тараптарга негизги тармактарда өз ара кызыкчылыктарын жараткан багыттарды аныктап, кызматташуусун активдештирүүгө мүмкүндүк берерин белгилеген.
"Кыргыз тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын делимитациялоону жакын арада ар бир тараптын кызыкчылыгын эске алып жана өз ара пайдалуу болгондой кылып аяктоого умтулат", — деп айтылган маалыматта.
Кыргыз-тажик мамилелеринин саясий, соода-экономикалык жана маданий жааттагы кызматташуусунун азыркы абалы жана келечеги талкууланган. Дүйнөдөгү жана аймактагы кырдаал боюнча да пикир алышуу болгон.
Министрлер БУУ, ЕККУ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара кызматташуу жаатында да сүйлөшкөн.
Жыйынтыгында Кыргызстан жана Тажикстан ТИМдеринин ортосунда 2024-2026-жылдардагы кызматташуу боюнча программага кол коюлган.
Ташиев менен Ятимов чек ара маселесин бул ирет Бустон шаарында талкуулашты