Москвада Кремль сарайында "Орус романсынын эл аралык күнү" өттү. "Романсиада жылдыздары" цикли эң мыкты аткаруучулар менен дебютанттарды чогултту.
Көрүүчүлөрдүн алдында Россиянын, Кыргызстандын, Болгариянын, Казакстандын, Италиянын, Түндүк Македониянын, Ирандын, Кытайдын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Армениянын, Беларустун жана Азербайжандын ырчылары өз өнөрлөрүн тартуулады.
Кыргызстандын атынан VII "Орто Азия романсиадасынын" жеңүүчүсү, Опера жана балет театрынын солисти Элгиз Бейшенбаев жана Улуттук консерваториянын студенти Субан Үмөтбек уулу катышты.
Аларды музыкалык жактан РФтин эмгек сиңирген артисти Дмитрий Дмитриенко жетектеген "Россия" ансамбли коштоду.
Эске салсак, Элгиз Бейшенбаев 2023-жылдын декабрында XXVII Москова романсиадасынын экинчи сыйлыгынын жеңүүчүсү болгон.