Дзюдочу Эрлан Шеров Париждеги турнирде коло медаль утту. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Дзюдочу Эрлан Шеров Парижде өтүп жаткан дзюдо боюнча Paris Grand Slam-2024 эл аралык турниринде коло медалга ээ болду.
Беларустук менен монголиялык атаандаштарын эки кармашта жеңип, чейрек финалда Азербайжандан барган спортчуга утулган. Каршылашы финалга чыккандыктан кийинки кармашка катышканга мүмкүнчүлүк алган. Бельгиялык балбанды жеңип, коло медаль үчүн таймашта Бразилиядан келген балбанга жеңилүү ызасын тарттырган.
"Чоң шлем" дзюдочулар арасындагы беделдүү турнир болгондуктан дүйнө жүзү боюнча өткөрүлөт. Жеңүүчүлөр менен байгеге илингендер дүйнө чемпиондугу менен олимпиада оюндарына катышууга рейтинг (упай) алышат.
Бокс боюнча эл аралык мелдеш: Сейитбек уулу алтын, Бекжигит уулу күмүш утту