Чилидеги апаат: токойдон чыккан өрттөн 51 киши көз жумду. Видео

Көчөлөрдө башаламандык жаралып, эл дүрбөлөңгө түшүп, апааттан сактануу үчүн ар тарапка качып жатканын жазышты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Чилидеги жайылган токойдогу тилсиз жоо кеминде 51 адамдын өмүрүн алып кетти, алты киши күйүк менен ооруканада жатат. Бул туурасында Reuters кабарлады.
Көчөлөрдө башаламандык жаралып, эл дүрбөлөңгө түшкөн: автоунаалар өрттөнүп, үйлөр күлгө айланууда, эл апааттан сактануу үчүн ар тарапка качып жатат.
ЖМКлар өлкөнүн ИИМ башчысы Каролина Тоха кырсык бирөөлөр атайын койгон өрттөн улам болду деп айтканын жазууда.
Бул окуяны 2010-жылдагы зилзаладан берки Вальпараисо провинциясында биринчи ирет болгон каргаша деп айтышты. Чилинин президенти Габриэль Борич аймакка өзгөчө абал киргизилгенин жарыялады. Токой өртү 40 миң гектардан ашык жерди каптаган.
Япониядагы "Ханеда" аба майданында жүргүнчү ташыган учак өрттөндү . Видео