Бокс боюнча эл аралык мелдеш: Сейитбек уулу алтын, Бекжигит уулу күмүш утту

Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстандык боксчулар Испаниянын Ла-Нусия шаарында өтүп жаткан эл аралык Boxam мелдешинде үч медаль утту. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Буга чейин дүйнө чемпиону болуп тарых жараткан Мунарбек Сейитбек уулу алтын медалга ээ болду. Ал 60 килограммга чейинки салмак категориясында чыгып швейцариялык, индиялык, шотландиялык жана Мали өлкөсүнөн келген спортчуларды жеңген.
Ал эми Өмүрбек Бекжигит уулу күмүш тагынды. Боксчу 86 килограммга чейинки салмакта катышып польшалык, индиялык атаандашын уткан, бирок финалда англиялык мушкерге жеңилип калган. Дагы бир кыргызстандык булгаары мээлейчи Сагын Сатыбалды уулу 80 килограмм чен бирдикте кармашып, үчүнчү орунду ээледи.
Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатынан эки медалга ээ болушту. Сүрөт