Мурдагы аялына тынчтык бербеген адамдын аракетине УКМК киришти

Жабырлануучу милицияга бир нече жолу кайрылган, бирок күйөөсү кайра бошонуп алып тынчын ала бергени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Мурдагы аялына тынчтык бербей, түрдүү ыкма менен коркутуп жүргөн киши кармалганын УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, эркек киши ажырашканына карабай жубайын таап алып коркутуп, уруп жүргөн.
"Жабырлануучунун айтымында, жашы жете элек балдарынын көзүнчө бычак, балта менен тап берчү. Ошондой эле кичүү баласын бала бакчадан алып кетип, улуу кызына уяттуу видеолорду салып, анда апасы тартылганын айтып турган. Аялынын кадырын түшүргөн аракеттерди жасап келген", - деп жазылган маалыматта.
Аял бул боюнча милицияга бир нече жолу кайрылган, бирок күйөөсү кайра бошонуп алып тынчын ала берген.
Бул ирет даттанууларды УКМК караган. Натыйжада эркек кишиге Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") менен иш козголуп, камакка алынды. Тергөө уланууда.
УКМК үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарды тиешелүү органдарга кайрылууну, күнөлүүлөр мыйзам чегинде жазаланарын эскертти.
Аялын жигиттер менен тааныштырып, аларды кайра тоноп жүргөн киши кармалды