Кыргызстанга зер буюмдарды ташып келүү бир нече эсеге азайды

Баалуу металлдардан жасалган буюмдар 15 өлкөдөн алып келинген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Өткөн жылдын январынан ноябрына чейин Кыргызстанга баалуу металлдардан жасалган 3,3 тонна зер буюм ташып келинди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Аталган көлөмдөгү буюмдун баары 8,5 миллион долларга бааланган.
Импорттолгон өлкөлөр:
Россия — 2 тонна;
Түркия — 0,8 тонна;
Италия — 0,3 тонна;
Кытай — 0,2 тонна.
Мындан сырткары, азыраак көлөмдө 11 өлкөдөн жана Гонконгдон (Кытайдын атайын административдик району, статистикада өзүнчө көрсөтүлөт) алып келишкен. 2022-жылдын ушул эле мезгилинде 24,5 тонна зер буюм (5,2 миллион долларга) импорттолгон.
Жаңыланган маалыматта өлкөдөн чыгарылган акчанын суммасы 80 млн. долларга өстү